Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Пакистанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Пакистанда шийилердин бүгүн белгиленип жаткан Ашура күнүн утурлай бийликтегилер коомдук коопсуздукту тыкыр көзөмөлгө алды.

Куралчан полиция кызматкерлери иттер менен өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар шаарында өтө турган диний жөрөлгөлөргө карата ар бир көчөнү текшерип жатты.

Пакистанда негизинен сунни мусулмандары отурукташкан. Буга чейин ал жакта диний көз караштан улам жергиликтүү тургундар арасында түрдүү жаңжалдар чыккан болчу.

Былтыр Ашура маалында өлкөнүн түштүгүндө террордук актылар уюштурулуп, 18 адамдын өмүрү кыйылган.

Ашура күнүн шийи мусулмандар Мухаммед пайгамдардын небересин эскерүү катары белгилешет. (RK)

XS
SM
MD
LG