Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Жогорку Кеңеш “Референдум жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун бүгүн экинчи окуудан жактырды. Ага 98 депутат макул, 11 эл өкүлү каршы болушту. Бул мыйзам долбоор референдумду өткөрүүнүн жол-жобосун аныктайт. Анын демилгечилери – депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аталган мыйзамда Конституциянын өзгөртүлгөн ар бир беренесине өзүнчө добуш берүүнү сунуштады. Бирок ал колдоо тапкан жок.

Сунушка Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов каршы чыгып, бул жарандар арасында түшүнбөстүктү жаратарын белгиледи. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай чараны киргизүүгө убакыт тар экенин айтты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG