Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Рим Олимпиаданы кабыл алуудан расмий түрдө баш тартты


Рим шаарынын бийлиги 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиададан расмий түрдө баш тартты. Олимпиаданы кабыл алууга талапкерлердин сынагына Рим катышпай турганын Италиянын Олимп комитетинин башчысы Жованни Малаго билдирди. Ал мындай чечимге капа болуп жатканын, бирок башка арга жок экенин айтты:

- Формалдуу түрдө бизде дагы бир жол бар. Эгер Лацио аймагынын курамындагы 11 провинциалдык шаардын мэрлери өз атынан арыз берсе… Бирок бир көйгөй бар – эми бизге эч ким добуш бербейт. Биз ишенимден чыгып калдык.

Рим шаары олимпиаданы кабыл алуу үчүн сынакка катышуудан баш тартканын өткөн айда мэр Виржиния Раджи жарыялаган. Ал римдиктер 1960-жылкы олимпиада боюнча карыздарынан али күнчө кутула албай жүргөнүн айткан.

Римден тышкары 2024-жылкы жайкы олимпиадага талапкер деп Франциянын борбору Париж, Венгриянын баш калаасы Будапешт жана АКШнын Лос-Анжелеси аталган.

Алардын кимиси тандалат, келерки жылдын сентябрь айында белгилүү болот. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG