Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Бишкекте 14-октябрда жылуулук берилет


Бишкекте 14-октябрда жылуулук берилет. Мэр Албек Ибраимов тийиштүү мекемелерге калаадагы үйлөрдү жана мекемелерди жылуулук менен камсыздоону тапшырды. Мындай чечим аба ырайы 14-октябрдан тарта төмөндөшүнө байланыштуу кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эреже боюнча, алгач мектеп жана балдар бакчалары, ооруканалар жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Андан соң кабаттуу үйлөр, өндүруш ишканалары, кеңселер ысык менен камсыздалат.

Синоптиктер 13-октябрдан өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөйт деп эскерткен.

Былтыр жылуулук 20-октябрда берилген.

XS
SM
MD
LG