Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Депутат студенттердин стипендиясын көтөрүүнү сунуштады


Кыргызстандык студенттер
Кыргызстандык студенттер

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев педагогикалык адистиктерде билим алып жаткан студенттердин стипендиясын эки эсеге көтөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул үчүн бюджеттен 31 миллион сомдун тегерегинде кошумча акча керек болот.

Акаев мындай сунушту өкмөт башчы жана билим берүү министри кубаттап, Финансы министрлигине каржы табуу тапшырмасы берилгенин кошумчалады:

- Мындай чара педагогикалык билим алгандарга бир топ стимул болот. Жаштар мамлекеттин көмөгүн сезиши керек. Окуучулар да стипендия алуу үчүн бюджеттик орундарга умтулуп, билимге кызыгуу пайда болот,-деди Акаев.

Депутат демилге ишке ашса 1-январдан тарта стипендия көлөмү эки эсеге көбөйөрүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG