Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Башкы прокуратуранын кызматкерине байланыштуу чыр иликтенип жатат


Башкы прокуратуранын кызматкери Тилек Саякбаевге байланыштуу интернетте тараган чуулуу видео боюнча көзөмөл органы тактоо жүргүзүп жатат.

НТС каналынын “ТВ кайгуул” берүүсүндө Саякбаевдин мас абалында машине айдап, жол кырсыгына кабылганы, патрулдук милициянын айткандарына баш ийбей жатканы көрсөтүлгөн. Ал башкы көзөмөл органында прокурор болуп иштээри белгиленген. Аталган видео бүгүн интернетте да тарады.

Саякбаев чын эле ошол мекемеде эмгектенерин Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланышуу бөлүмү бышыктап, бул боюнча тактоо иштеринен соң маалымат берилерин маалымдашты. (SE)

XS
SM
MD
LG