Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

АКШ хакердик чабуулдар үчүн Орусияга жооп кайтарат


АКШ президенти Барак Обама Орусия тараптан жасалып жаткан хакердик чабуулдарга жооп кайтаруунун жолдорун караштырат. Бул тууралуу бүгүн Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтуусунда, жооп кайтаруу чаралары түрдүү болушу ыктымал, бирок алар тууралуу ачык жарыяланбайт.

АКШнын он чакты штатында шайлоочуларды каттоо системасына хакердик чабуул жасалганын Федералдык иликтөө бюросу соңку бир нече айдан бери айтып келатат. Буга Вашингтон Орусияны айыптоодо. Орус бийлиги мындай айыптарды четке кагууда.

8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG