Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:37

Өкмөт Максим Бакиевге байланыштуу доого түшүндүрмө берди


Максим Бакиев

Максим Бакиев

Өкмөткө караштуу Сот өкүлчүлүгү борбору мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге коюлган доо боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, доо өндүрүү тууралуу арыз убактылуу гана токтотулду жана айрым бир процессуалдык жагдайлар такталгандан кийин кайра жанданат. Билдирүүдө Кыргызстан Максим Бакиевге койгон айыптарынан баш тартпай турганы да айтылган.

Буга чейин Максим Бакиевдин таламын талашкан Hickman&Rose компаниясы кыргыз тарап ага коюлган 20 миллион фунт доодон баш тартканын жарыялаган эле.

Өкмөткө караштуу Сот өкүлчүлүгү борборунун маалыматы боюнча, ушул жылдын апрель айында Социалдык фонд менен Өнүктүрүү фондунун атынан Лондондун Жогорку Сотуна арыз жөнөтүлгөн. Анда Максим Бакиев менен “АзияУниверсалБанк” жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мурунку жетекчиси Михаил Надель бул фонддорго ири каржылык зыян келтирген, мунун айынан “АзияУнверсалБанк” банкрот болгон деген айып тагылган.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу кыргыз тарап Максим Бакиевге коюлган доодон баш тартпаганын мындайча түшүндүрдү:

- Кыргызстан Максим Бакиев “АзияУниверсалБанкты” банкроттук абалга алып келген, мунун айынан Кыргызстандын өзү зыянга учураган деген айыбынан баш тартпайт. Ишти токтотуу тууралуу маалымдама Кыргызстандын Максим Бакиев боюнча доосуна залалы тийбегендей болуп берилди. Айрым бир процессуалдык жагдайларды тактагандан кийин бул багыттагы иш уланат жана Кыргызстан бул иш жакшы перспективага ээ деген пикирде.

Максим Бакиев 2010-жылдагы бийлик алмашкандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ага Социалдык фонддун “АзияУниверсалБанктагы” эки миллиард сомун кымырып кеткен деген айып тагылган жана 2014-жылы сот аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG