Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Оштун чуулгандуу үйлөрү


Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири. Ош шаары.
Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири. Ош шаары.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү бу жолу Ошто 2010-жылдагы коогалаңдан кийин курулган чуулгандуу үйлөр тууралуу иликтөө тартты.

2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан Ошто көп кабаттуу 24 турак үй курулган. Буга эл аралык уюмдар берген каражаттан 6 миллиардга жакын сом жумшалган. Аталган 1392 батирдин 629у июнь окуясында жабыркагандарга берилген. 326 батир күч түзүмдөрүндө иштегендерге, 45 батир азиздер жана дүлөйлөр коомуна тийген. Бир үй 6 миллионунчу кыргызстандыкка тапшырылган. Ашып калган 391 батир ипотекага берилери айтылган.

Июнь окуясы: эсеби чыкпаган эл аралык жардам

Июнь окуясы: эсеби чыкпаган эл аралык жардам

Эсеп палатасы 2011-жылы мамлекеттик дирекциянын ишмердигин текшерип чыгып, 44 миллион сом бюджеттик каражат максатсыз чыгымдалганын таап чыккан.

Аталган үйлөрдүн айрымдары аз убакыт өткөнүнө карабай жер төлөлөрү көчүп, дубалдары жарылып, авариялык абалга келген. Алардын бири Оштун Анар кичи районундагы 16-үй. Эки блоктон турган 60 батирлүү беш кабат үйдү ДИА-С аттуу ишкана 76 миллион сомго курган. Бирок көп өтпөй эки блоктун ортосунду ажырым пайда болуп, жер төлөсү көчүп, дубалдарынан жарака кеткен.

Мындан улам тиешелүү органдар бул үйдө жашоо кооптуу деген жүйө менен андагы жашоочуларды башка жакка көчүрүп, курулуш компаниясынын ээлерине кылмыш ишин козгогон. Деген менен бул үй дале авариялык абалда турганына карабай ДИА-Стин кожоюндарды тургундарды кайрадан көчүрүп келгенине күбө болдук. Ишканага ишенген жашоочулар өмүрүн тобокелге салып, жараксыз деп табылган батирлерде күн кечирип келишет.

ДИА-С курулуш компаниясынын жетекчиси катары Мирлан Досоев аттуу жаран каттоодон өткөн. Эң кызыгы Досоев бир эле учурда үч башка курулуш компаниясына жетекчи болуп, Оштогу үйдлөрдүн курулушуна активдүү катышкан. Анын өзү менен байланышууга мүмкун болгон жок. Бирок компания өкүлдөрү Анардагы 16-үй жашоого коопсуз экенин Орусиянын эксперттери далилдеп бергенин айтып, камерага сүйлөп берүүдөн караманча баш тартышты.

Мамдирекция курган үйлөрдүн машакаты

Мамдирекция курган үйлөрдүн машакаты

Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин токтом кабыл алган. Анда дирекциянын биринчи жетекчиси, азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жетекчилердин иши канааттандырарлык эмес деп табылган.

Оштогу үйлөр дегенде көпчүлүктүн эсине мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев келет. Анткени бул киши үйлөр курулуп жатканда Мамдирекциянын башында турган. Айрым маалымат каражаттары Сатыбалдиевди жемкорлукка айыптап, Оштогу үйлөрдүн курулушуна активдүү катышкан “Ал-Манар”, “Микро Медиа” курулуш ишканалары анын баласына таандык экенин жазышкан. Анткен менен Жантөрө Жолдошевич айтылгандарды төгүндөп келет.

Оштогу үйлөрдүн чуусу сапат маселеси менен эле чектелбейт. Аларды бөлүштүрүүдө да жең ичинен соодалашуулар орун алганы белгилүү. Атайын жумушчу топ Мамдирекция курган үйлөрдөн Ош окуясына тиешеси жок эле 44 адам батир алганын аныктаган. Алардын арасында чириген бай Жалил Атамбаев да бар. Ал мыйзамсыз түрдө төрт үй алууга үлгүргөн.

Башкы прокуратура Оштогу үйлөр боюнча жалпысынан сегиз кылмыш ишин козгогон, бирок алты жылдан бери жазага тартылган бирөө да боло элек. Эсеп палатасы Мамдирекция 118 миллион сомду максатсыз жумшаганын аныктаган.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Оштун чуулгандуу үйлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:28 0:00

XS
SM
MD
LG