Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:33

Кыздарды эрте күйөөгө берүү жагынан Кыргызстан Евразияда 5-орунда


Үйлөнүп жаткан жаштар

Үйлөнүп жаткан жаштар

Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Бул тууралуу БУУнун гендер боюнча эксперти Гүлбарчын Жумабаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, эл аралык жана Кыргызстандагы изилдөөлөр өспүрүм курагында турмушка чыккандар жылдан-жылга өсүп жатканын көрсөтүүдө:

- Кыздарды эрте күйөөгө берип койгондун кесепетинен алар билим алуу, инсан катары толук калыптануу, ден соолугун чыңдоо үчүн мамлекеттик кызматтардан пайдалануу, жеткиликтүү турмушта жашоо, өмүрлүк түгөйүн эркин тандоо укуктарынан ажыроодо.

Балдарды коргоо уюмунун соңку маалыматы боюнча, дүйнөдө 700 миллион кыз 18 жашка чыга электе мажбурлоо жолу менен турмуш курат. 144 өлкөдө жүргүзүлгөн иликтөө тизмесинде Кыргызстан 59-орунду ээлеген. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG