Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Улуттар уюму тажик бийлигине тынчсыздануусун билдирди


Тажикстандык адвокат Бузурмехр Ёров (солдо).
Тажикстандык адвокат Бузурмехр Ёров (солдо).

12-октябрда БУУнун Адам укуктары боюнча Борбор Азиядагы кеңсеси тажик жактоочулары Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамов боюнча сот өкүмүнө кабатырланган билдирүү таратты. Анда адвокаттар оппозициялык жана Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнө укуктук жардам көрсөткөндүктөрү үчүн «жаза алышканы» айтылат. Буга чейин эки адвокат тең Дүйшөмбүдө өткөн жабык жараянда алдамчылык, документтерди жасалмалоо, улуттук, расалык, диний жана аймактык кастыкты козутуу жана экстремизм үчүн айыпталып, бири 23, экинчиси 21 жылга соттолгон.

Ёров 2015-жылдын сентябрында, Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүн коргоо боюнча комитет түзгөндөн кийин кармалган. Ошол эле жылдын октябрында анын актоочусу Нуриддин Махкамов камакка алынган. Экөөнө тең бирдей айып тагылып, жаза мөөнөттөрүн өтөп бүткөндөн кийин 5 жылга чейин адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG