Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Кыргызстандан Кытайга экcпорт азайды


Мухамметкалый Абылгазиев (солдо).
Мухамметкалый Абылгазиев (солдо).

Соңку жылдары Кыргызстандан Кытайга товар экспорт кылуу азайып кетти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-кытай өкмөттөр аралык жыйында билдирди. Маалыматка караганда, 2015-жылы эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 1 миллиард доллардан ашкан. Анын басымдуу бөлүгүн импорт түзөт.

Азайып кеткен экспортту жандантуу максатында кызматташуу боюнча жаңы макулдашууларды түзүп, эт жана сүт азыктарын Кытайга сатууну колго алуу керектигин Абулгазиев белгиледи.

Кытай Кыргызстандын эн ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Бишкек Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгону ортодогу соода солгундай баштаган.

XS
SM
MD
LG