Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

БУУ Кыргызстандагы абалга тынчсызданууда


Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова.
Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова.

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандагы укук коргоочулардын коопсуздугуна тынчсызданууда

Уюмдун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгы 12-октябрда тараткан билдирүүдө бийлик тарабынан укук коргоочуларга терс мамиле болуп жатканы, бул абал өткөн жылдан тарта күчөгөнү айтылат.

Жакында Варшавада Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын дарегине коомчулукта айтылган сөздөр, парламентте бул эки айымдын аракеттерине баа берүү маселесинин көтөрүлүшү тынчсызданууга себеп катары көрсөтүлөт.

Эки укук коргоочу Варшава жыйынына Кыргызстанда сепаратист деп табылып, сыртынан камалган Кадыржан Батыров менен чогуу катышканы - аны колдоо катары сыпатталып, кескин сындалган эле.

Ошондой эле билдирүүдө “Бир дүйнө Кыргызстан” укуктук кыймылынын Оштогу кызматкерлеринин үйүнө былтыр УКМК тинтүү жүргүзгөнү, шаар бийлиги аларды “эл душманы” катары сыпаттаганы укуктук нормаларга дал келбеси айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG