Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Трамптан ыдык көргөн аялдар ачыкка чыгышты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трам бир кезде сексуалдык ыдык көрсөткөнүн дагы бир нече аял айтып чыгышты.

Ньюйорктук Жессика Лидс мындан отуз жыл илгери учакта катар отуруп баратканда Трамп анын көкүрөгүн кармалап, этегине асылганын айтты.

Огайолук Рейчел Крукс аттуу дагы бир айым республикачы талапкер 2005-жылы Нью-Йорктогу Трамп мунаралары (Trump Towers) имаратынын лифтинде эркинен тыш эрдинен өпкөнүн айтат.

Экөөнүн маеги 12-октябрда The New York Times басылмасына чыкты.

Ушундай эле мааниде мындан бир нече жылкы жоруктар боюнча дагы эки аял ачыкка чыгышкан.

Доо койгондордун баары сексуалдык ыдык көрсөтүүлөр боюнча убагында укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

Трамптын штабы жогоруда айтылгандарды баштан аяк ойдон чыгарылган, калп окуялар деди

Өткөн жумада эле Трамптын аялдар жөнүндө орунсуз сүйлөп жана айрым эркектаналык жоруктарын мактанып жатканы тартылган видео көрсөтүлгөн.

Трамп андагы сөздөрү үчүн кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG