Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:25

Кыргызстандык кыз-келиндерди алдоо жолу менен чакырып, Түркияда сойкулукка мажбурлап жүрүшкөн эки аял кармалды. Hurriyet басылмасы тараткан кабарга ылайык, алардын бири Мармарис аймагындагы отелдин кожойкеси, экинчиси анын жардамчысы.

Апта башында аталган мейманканада сойкулук кылып жүргөн эки кыз колго түшкөн. Андан кийин ошол жерден дагы үч кыргызстандык кыз бар экени аныкталган. Бешөө тең депортацияланган.

Кыздар жазган арыздын негизинде мейманкана ээси жана жардамчысы кармалышты. Алар кыздарды “жумуш таап берем” деп алдоо жолу менен чакырганы айтылууда. (ElB)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG