Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Эл өкүлү Кыргызстан карызы 6 миллиард долларга жетип калганын билдирди


Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын тышкы карызы жакын арада 6 миллиард долларга жетиш ыктымалдыгын билдирди. Бүгүн парламент жыйынында эл өкүлү Финансы министрлигинин маалыматына таянып буларга токтолду:

-Чынында 4 миллиардга жакын карызыбыз бар деп жатышат. Мен маалыматты карап чыктым. Дагы 2 миллиард доллар алууга кол коюлган. Жакынкы жылдары ал акча да келет. Ички дүң продукциябыз 6 миллиард доллар болсо, тышкы карыз да ошого тең болуп калды.

Төрөбаев өкмөт мындай карыз менен дефолтко багыт алганын белгилеп, тезинен антикризистик программа түзүүгө чакырды. Өкмөт буга түшүндүрмө бере элек.

Кыргызстан социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө эл аралык донорлордун жардамын алып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG