Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Орусия беш крым татарына айып такты


Украина, Крым.
Украина, Крым.

Симферополдо Орусия Федералдык коопсуздук кызматы кармап кеткен беш крым татарына "террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан" деген айып тагылды.

Атайын кызматтын өкүлдөрү Строгоновка айылында жаңы эле Мекеден ажылыктан кайткан крым татарларынын үйүндө тинтүү жүргүзүп жатканы тууралуу видеону жергиликтүү тургундар интернетке чыгарышкан.

Украина тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Марина Беца бул окуяны Крымдагы орусиялыктардын кылмыштарынын бири деп атады:

- Бул адам укугунун одоно бузулушу. Орусияны крым татарларына жана ал жакта жашаган этникалык украиндерге репрессияны токтотууга чакырабыз.

Орусия 2014-жылдын мартында Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошондон бери Орусия жергиликтүү элге кысым көрсөтүп жатат деп эл аралык укук коргоо уюмдары жана батыш өлкөлөрү кескин сындап келатат.

Крым татарларын камакка алуулар, алардын дайынсыз жоголуп же тындым кылып койгон учурлары кездешери маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG