Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Атамбаев Украинаны сындады


Алмазбек Атамбаев Тбилисидеги жыйында. 13-октябрь, 2016-жыл.
Алмазбек Атамбаев Тбилисидеги жыйында. 13-октябрь, 2016-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев Грузия сапарын жыйынтыктап жатып берген маалымат жыйынында Украина кризисине токтолду. Мамлекет башчы бийлик алмашуудан соң Киев ири державаларга жардам сурап кайрылганын сындады. Буга Кыргызстан эки жолу төңкөрүштү башынан өткөргөнүн, бирок аны жайгарууга эч кимден көмөк суранбаганын, маселелерди өзү эле чечкенин мисал кылды:

- Мен эки төңкөрүштү баштан өткөргөн мамлекеттин президентимин. Украина бир революцияны жайгара албай жатат. 2010-жылкы бийлик алмашууда бизде деле Украинадагыдай ондогон адамдар каза болду. Бирок биз Москвага же Вашингтонго чалып жардам сурабадык. Бизде да облустук администрацияларды басып алышкан. Мисалы, 2013-жылы облутук бийликтин имаратын басып алышты. Эч кимге телефон чалбай эле, өзүм барып маселени чечип келгенмин. Көйгөйдүн баарын өзүм чечкенмин.

Алмазбек Атамбаев мамлекеттеги чыр-чатактарга аскерлерди аралаштырып чечүү туура эместигин кошумчалады.

Кыргыз делегациясы Грузияга 12-октябрда эки күндүк расмий сапар менен барган. (SE)

XS
SM
MD
LG