Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Британия Сирия чатагын чечүүгө аралашууну караштырууда


Сирия
Сирия

Британия АКШ жетектеген коалициянын катарында Сириядагы жаңжалга аскердик кийлигишүү маселесин караштырууда. Бул тууралуу бейшембиде өлкөнүн тышкы иштер министри Борис Жонсон билдирди.

Жонсон удаа эле Сириядагы саясий ишмерлерге карата санкцияларды күчөтүүнү да демилгеледи. Ошол эле учурда ал Орусия менен “түбөлүк конфронтацияны” каалабасын да кошумчалады.

Жонсон Батыш менен Москва терроризмге каршы биргеликте иш алып барышы керек деген ойдо.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков британ тышкы иштер министринин аскердик кийлигишүү тууралуу сунушун британ армиясы Сирия президенти Башар Асадга каршы аракеттенбесе эле “эң жогорку баага арзыйт” деп баалады.

Жонсон мурдараак Орусия Сириянын Алеппо шаарында террорчуларга шылтоолоп бейкүнөө адамдарды бомбалап жатат деп да айыптап чыккан.

XS
SM
MD
LG