Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:53

Таиландды 70 жыл башкарган падыша көз жумду


Падыша Пхумипон Адульядеттин сүрөтүн көтөргөн жактоочулары. 13-октябрь, 2016-жыл

Падыша Пхумипон Адульядеттин сүрөтүн көтөргөн жактоочулары. 13-октябрь, 2016-жыл

Таиландды 70 жыл башкарган падыша Пхумипон Адульядет 13-октябрда дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу расмий маалымат берилди деп кабарлайт Франс Пресс агенттиги.

Таиланд падышасы 88 жашта болчу. Ал бийлик башына 1946-жылы келген. Дүйнөдөгү азыркы өлкө жетекчилери арасында бийликте эң узак отурган адам. Анын убагында Таиландда 20дан ашуун премьер-министр алмашып, 18 Конституция кабыл алынган, 10 мамлекеттик төңкөрүш жасалган.

Таиланд падышасы өлкөдөгү түрдүү саясий топтордун ынтымагы үчүн мааниси зор, данакер саясатчы катары саналчу.

Ал бийлик ордун агасынан мурастап алган. Эми анын ордун жалгыз уулу, 64 жаштагы Маха Вачиралонгкорн ээлери күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG