Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Ала-Бука районунда каза тапкан баптист аялга көрүстөндөн жер бөлүнбөй жатат


Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, райондун Сары-Талаа айылынын тургуну 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда көз жумган. Ал христанчылыктын баптист агымын тутунгандыктан, туугандарынын сөөктү мусулмандар мүрзөсүнө коюу аракетине жергиликтүү тургундар кескин каршы чыгышкан. Башка динге өтүп кеткен жакындарын да андан баш тартууну талап кылышкан. Маркумду христиандар көрүстөнүнө коюу аракетинен да майнап чыкпай, ал жактагылар "башка агым" деген жүйө менен макул болгон эмес. Муну Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев да ырастап, бүгүн жергиликтүү укук коргоо органдарынын, мекеме жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтөрүн, маркумду жерге берүү маселеси чечилерин маалымдады:

- 7-8 жыл мурун да ушундай окуя болгон. Эл баптисттерди мусулмандардын мүрзөсүнө киргизбейбиз деген чечим чыгарышкан. Алар жол боюна сөөктү көмүшкөн. Ала-Букада христиандардын көрүстөнү бар. Бирок азыр алар да уруксат бербей коюшуптур. Эми муну кантип чечүүнү бүгүн ортого салабыз. Бул башкаларга сабак болушу керек. Кыргызстандыктардын башка динге өтүп кеткени жаман көрүнүш. Райондо канча адам баптист агымына кирип кеткени тууралуу азырынча так маалымат жок.

Кыргызстанда башка динге өткөндөрдү кодулаган көрүнүштөр буга чейин да учурап келген. Алардын үйүн бүлдүргөн, өлгөн адамдын сөөгүн коюуга каршы чыккан бир катар окуялар катталган. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда каттоодон өтүп иштеп жаткан 2500гө чукул диний уюм бар. Анын 2 миңдейи ислам жаатындагы, 500дөйү христиан динине таандык бирикмелер. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG