Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Токмокто түрк каганатынын тарыхын баяндаган музей ачылат


Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" китеби.

Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" китеби.

Бүгүн Токмоктогу Бурана археологиялык комплексинде түрк каганатынын тарыхына арналган музейдин ачылышы болот. Улуу ойчул, акын Жусуп Баласагын жашаган доорду, анын өмүр-жолун чагылдырган театралдык оюн-зоок жана гала-концерт уюштурулат. Иш-чаралар Тарых жана маданият жылына, ошондой эле Баласагындын миң жылдык мааракесине карата өткөрүлөт.

Баласагындын эң чоң көркөм чыгармасы "Куттуу билим" дастаны президенттин Социалдык коргоо жана колдоо фонду тарабынан кайрадан басылып чыкты.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын Кыргызстандын Токмок шаарынын түштүк-батыш тарабындагы даңазалуу Баласагын шаарында 1015-16-жылдар аралыгында туулган деп болжолдонот. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG