Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Саясий куугунтуктан коргоо форуму түзүлдү


Оппозиция жыйыны.
Оппозиция жыйыны.

Саясый туткундарды, Сөз эркиндигин коргоо комитеттери жана «Республика» гезити эл аралык нормалардын негизинде саясий туткундарды коргоо форумун түзгөнүн жарыялады. Аталган форум ошондой эле Конституцияны өзгөртүүгө да каршы турмакчы. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн форумдун мүчөлөрү тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда Башмыйзамга өзгөртүү киргизилсе, эл аралык уюмдар аркылуу Кыргызстанда адам укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгү жабылат деп айтылып, бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп айыпталып жаткандардын соту ачык болуусу талап кылынган. Ошондой эле учурда бийликке сын айтып, өз пикирин ачык билдиргендерге куугунтук жүрүп жатканын, азыркы болуп жаткан соттук процесстер жарандарды басмырлоо экенин билдирүү ээлери белгилешет.

Быйыл май айында “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана башка оппозициячылар камакка алынган.

Алардын жакындары сот отурумдары ачык жана адилеттүү өтпөй жатканын белгилеп, нааразылык билдирип келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG