Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Бишкек-Дубай учагынан мыйзамсыз ителги алып бараткан арабдар кармалды


Багалекке катылган ителгилер.

Багалекке катылган ителгилер.

Кармалгандар Бириккен араб эмирлигинин жарандары. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Быйыл 14-октябрда аэропорттун паспорт көзөмөлүнүн кызматкерлери эки арабдын баскан-турганынан шектенип, бирок алардын документтери жайында болгондуктан, унчугушкан эмес. Арабдардын шек туудурган кыймыл-аракетин учактын узатуучусу да байкап, чек арачыларга маалымдаган. Натыйжада араб жарандары багалеги кең шымдарына катып, көзөмөлдөн алып өткөн төрт ителги табылган.

Ителгилердин башына томого кийгизилип, канат-куйруктарын байлап туруп, шымдын ичине атайын тигилген кошумча чөнтөгүнө салып, алып өтүшкөн.

Тиешелүү иш-чаралар бүткөн соң, кармалган төрт араб жараны УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандан сейрек кездешүүчү ителги, бүркүт жана башка алгыр куштарды алып чыгып кетүү аракеттери мурда да бир нече жолу болгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG