Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

Прокурорду жардырган киши кармалды


Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы тарабынан чогуу жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында А.Т. аттуу жаран кармалды. Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда Эркин Курманалиевди жардырган затка окшош жардыргыч зат табылган. Учурда шектүү кылган ишин мойнуна алып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Кылмыш ишти тергөө маалында прокуратура кызматкерин жардырууга байланышкан бардык илинчектерди издөө аракети уланып жатканы кабарланды.

Ал эми прокурорду тындым кылууга кимдер кызыкдар экени, анын автоунаасын жардырууга кандай себептер негиз болгону, бул ишке ким буйрутма бергени тууралуу маалыматтар жок.

Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиев 29-июлда автоунаасындагы жарылуудан катуу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Анын оң колу билегинен үзүлүп, сол көзүнө жана өпкөсүнө сыныктар кирип кеткен. Прокуратура кызматкерине оор операциялар жасалган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG