Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Абдыкадыр Султанбаев Журналисттер союзунун төрагасы болуп кайра шайланды


Журналисттер союзунун кайра шайланган төрагасы Абдыкадыр Султанбаев.
Журналисттер союзунун кайра шайланган төрагасы Абдыкадыр Султанбаев.

Мындай чечимди бүгүн союздун форумуна катышкан өкүлдөр кабыл алышты. Жалпы 109 өкүлдүн үчөө гана “каршы” добуш беришти.

Ошондой эле форумда Кыргызстандагы журналисттердин кесиптик этикасы тууралуу кодекс да бекитилди. Анда маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кызматтык абалынан пайдаланып, так эмес маалыматтарды берүүгө, бул үчүн акча жана белек алууга укугу жок деп жазылган.

Форумдун катышуучулары Журналисттер союзу аркылуу өкмөттөн журналисттердин жашоосун жакшыртууга көмөктөшүүсүн сурап кайрылуусун сунуш кылышты. Мунун ичинде арзан турак-жай менен камсыз кылуу жагы да бар.

Жыйында Журналисттер союзу Маданият министрлиги менен биргеликте жыл сайын берилчү “Жаңы ысымдар” деген аталыштагы сыйлыктын жобосун бекитишти. Бул сыйлык менен отуз жашка толо элек, ишинде үлгү көрсөткөн журналисттер сыйланат. Сыйлыктын жылдык байге кору 200 миң сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG