Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Сирия-Түркия чек арасындагы жардыруудан 17 адам мерт болду


Баб эль-Салам районундагы жардыруу 17 адамдын өмүрүн алды.
Баб эль-Салам районундагы жардыруу 17 адамдын өмүрүн алды.

Сирия-Түркия чек арасындагы Баб эль-Салам районундагы мина салынган автоунаанын жарылуусунан кеминде 17 адам мерт кетти. Жарадарлардын саны 25 тен ашты. Күбөлөрдүн жана Адам укуктарын көзөмөлдөгөн Сирия обсерваториясынын билдирүүлөрүнө караганда, набыт болгондордун көбү Башар Асадга каршы согушуп жаткан козголоңчулар.

Жардыруу бейшембинин кечинде “Эркин Сирия армиясынын” көзөмөл өткөрмө бекетинин алдында болгон. Дал ушул жерден алыс эмес аймакта Түркия колдогон байистүү оппозиция тобунун уюгу жайгашкан.

Бир жума мурда “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкери өзүн ушул эле Түркия-Сирия чек арасындагы Атме чек ара бекетинин алдында жардырып жиберген. Андан 25 адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG