Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Путин Сирияда орусиялык авиакүчтөрдүн жайгашуусу тууралуу мыйзамга кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирия аймагында орусиялык авиакүчтөрдү мөөнөтсүз жайгаштыруу боюнча макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу РИА агенттиги Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берип жазды.

Макулдашууда авиакүчтөр өлкө аймагында расмий Дамаскинин өтүнүчү менен Латакиядагы Хмеймим авиабазасында жайгашары жазылган. Аталган база ичиндеги инфраструктурасы менен Орусиянын колдонуусуна акысыз берилген.

Ошондой эле документ аэродромдогу орус аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дипломатиялык кол тийбестикти камсыздайт.

Макулдашууга эки тарап 2015-жылдын август айында Дамаскиде, Орусия Сириядагы аба чабуулдарын баштаардан бир нече күн мурда кол коюшкан. Мурдараак документтин ратификацияланышына Мамлекеттик Думанын депутаттары жана Федерация Кеңешинин мүчөлөрү добуш беришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG