Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Үч жаштагы Искак бала бакчага барууда


Соцтармакка жарыяланган сүрөт.
Соцтармакка жарыяланган сүрөт.

Ал эми Искактын жети жаштагы эжеси Кара-Суу шаарындагы Манас атындагы орто мектепке барып, окуй баштады. Бул тууралуу Ош облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов “Азаттыкка” билдирди:

- Бул үй-бүлөнү өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашев өзү бир нече жолу кабыл алып, акыбалын билди. Апасы Зулфия Үсөновага, үч баласына документтер берилди. Эми балдарынын үчөөнө тең жөлөк пул берилет.

Сентябрь айынын башында чаңга оонап, картон кагазда уктап жаткан наристенин сүрөтү социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга алынган. Балдарга тиешелүү шарттын жоктугу үчүн бийликтин дарегине сын да айтылган. Президент Алмазбек Атамбаев баланын тек-жайын аныктоону жана тиешелүү жардам берүүнү өкмөткө тапшырып, жергиликтүү бийлик бул үй-бүлөгө материалдык жардам менен кошо турак-жай жагынан жардам берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG