Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Алардын ичинен эң көбү Чүй облусунда, бул жерде 1580 депутат шайланат. Андан кийинки орундагы Ош облусунда 1532 депутат шайланат. Жалал-Абаддан 1425, Нарындан 672, Ысык-Көлдөн 700 ашуун депутат шайланат. Ал эми Баткенде 670, Таласта 535 депутатты шайлоо өтөт.

Бишкек шаарында жергиликтүү кеңештерге 45 депутат шайланат.

Мындай маалыматты БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, жазында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттык бир орунга үчтөн ашык талапкер болгон. Бул жолу шайлоого 20 миң чамалуу талапкер катышары болжолдонуп жатканын БКШнын төрайымы билдирди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрга белгиленген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG