Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстандыктардын банктарга карызы 91 млрд сом


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Бул акча ички, тышкы карыздан тышкары карапайым элдин банктарга карызы. Карапайым элдин ушунча акча төлөмөр болуп кылгандыгы тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев фракция жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Кытайдан буга чейин келген кредиттердин баары карызга алынган. Болгону Бишкек шаарындагы 49 көчөгө оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн берилген 70 млн доллар өкмөттөр аралык келишимдин негизинде грант түрүндө берилген. Төрөбаев шаардын көчөлөрүн оңдоо иштерин айрым бир партиялар өздөрүнүн жасаган иши деп көрсөтүп жатканын белгиледи:

-Кайсы бир партиялар муну “биз жасадык” деп мактанып атышат. Мен айтып кетким келет, бул кайсы бир партиянын акчасы эмес, бул биздин, кыргыз мамлекетинин акчасы. Эмне үчүн Бишкек шаарынан башка шаарларга мындай грант акчалар бөлүнбөйт? Бул деген алдыдагы шайлоого даярдык.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бүгүнкү отурумунда тышкы карыз маселесин талкуулады.

Өткөн апталарда Эл аралык валюта кору Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 70% чукулдап калганын эскерткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG