Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Кайгуул-күзөт башкармалыгы 65 унааны мыйзамсыз сатып алган


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. Ага ылайык, Башкы прокуратура ИИМдин ички коопсуздук кызматы менен чогуу Кайгуул-күзөт кызматынын башкы башкармалыгында иликтөө жүргүзгөн.

Текшерүү учурунда башкармалыктын жетекчилери мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдан тышкары, талапка жооп бербеген ишкананы жеңүүчү деп табышканы жана ал ишкана менен 65 жеңил унаа сатып алуу боюнча келишим түзгөнү аныкталган. Башкы прокуратурадан ырасташкандай, ошол эле учурда тендер өткөрүлгөн жок деп таанылган. Мындай мыйзамсыз сатып алуулары үчүн кайгуул-күзөт кызматы бюджеттен 25,7 млн сомду мыйзамсыз коротушкан.

Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, башкы көзөмөл органы Кайгуул күзөт башкармалыгынын башчыларына карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “бюджеттин каражатын мыйзамсыз короткон” деген беренелер менен кылмыш ишин козгоду.

Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG