Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Күйөөсүн өлтүргөн аял 16 жылга эркинен ажыратылды


Күйөөсүн жиликтеп өлтүрүп, дене мүчөлөрүн шаардын ар кайсы бөлүгүнө таштады деп айыпталган Айдай Субанова 16 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Маалыматка ылайык, сот Субанованы Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп тапты.

2015-жылдын август айында Бишкектин ар кайсы бөлүктөрүнөн 30-35 жаштагы адамдын дене мүчөлөрү табылган. Бир нече күндөн кийин бул кылмышка шектүү катары анын 25 жаштагы аялы кармалган. Алгач жолдошунун ур-токмогунан улам ушундай ишке барганын айткан аял кылмышты моюнуна алган эле. Кийинчерээк берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Бирок сот Субанованы күнөөлүү деп тапты. (BkA)

XS
SM
MD
LG