Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Ала-Букадагы окуя боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт


Ала-Букада башка динге өткөн маркумду жерге берүүдө чыккан окуя боюнча жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дин иштери комиссиясынын төрага орун басары Закир Чотаев билдирди. Анын айтымында, окуядан соң комиссиянын түштүк аймактык башкармалыгына тапшырма берилип, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Чотаев ушундай окуяны алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик органдары иш жүргүзүшү керектигин белгиледи.

- Бул жерде жергиликтүү бийлик органдары чечим кабыл алышы керек эле. Алар кандай диндеги жаран болбосун жерге берүү үчүн атайын жер бөлүп берүүгө милдеттүү. Бул дин чөйрөсүндөгү саясат боюнча концепцияда каралган.

Закир Чотаев диндер арасындагы сабырдуулук боюнча түшүндүрүү иштери улантыларын кошумчалады.

14-октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай коюшкан.

Маркумдун кызы аны райондун имамы мусулман динине кайт деп мажбурлаганын, ачык мазактап-кодулаганын, атүгүл таш бараңга алуу тууралуу сөздөр болгонун "Азаттыкка" билдирген. Имам болсо сөөктү көмдүрүүгө айыл эли каршы чыкканын айткан.

Талаш-тартыштардан соң Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жашырганга жер табылды. Бирок Өрүктү айылына таандык жерге сөөк жашырылгандан кийин ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG