Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Бишкекте "Устат" академиясы ишин баштады


Бишкекте кыргыз тилин өнүктүрүү максатында "Устат" академиясы ачылды. Академиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Мирлан Самыйкожонун айтымында, кыргыз тилинин тазалыгын жана баалуулугун даңазалоо менен бирге унутта калган көөнө сөздөрдү колдонуп, сөз чеберчилигин арттыруу максаты коюлууда. Академияда сөз чеберчилиги боюнча сүйлөө маданияты, эл алдында эркин сүйлөө, сөз байлыгын өрчүтүү, дикцияны оңдоо, эркин ой жүгүртүүнү үйрөтөт.

Академиянын ачылышына Жогорку Кеңеш депутаттары, окумуштуу-тилчилер, акын-жазуучулар жана шаар тургундары катышты. Академия теле жана радио алып баруучуларды, гезит-журнал кабарчыларын тил билимин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле чечендик өнөр, төкмө акындык, дастанчылык жана жазуучулук боюнча багыт берилет. Окуу 1-ноябрда башталат. Ага чейин каттоо жүргүзүлөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG