Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

Сауд Аравия башында турган коалиция Йемендеги аза күтүү учурундагы аба соккулар жаңылыштыктан улам жасалганын мойнуна алды. Reuters агенттигинин жазышынча, коалициянын аскерлери жаңылыш маалыматтын негизинде шииттердин куралдуу хуси топторун бутага алууну ойлоп, бирок башка жерге сокку урушкан.

Өткөн жумада Сауд Арабия баштаган коалиция Йеменде тажыя өтүп жаткан жерге сокку уруп, андан 200дөн ашык киши набыт болуп, 500дөн ашууну жараат алган. Бул окуядан соң АКШнын Коопсуздук кеңешинин өкүлү Нед Прайс Вашингтон Сауд Аравия менен келишимдерди кайра карап чыгышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Йемендеги куралдуу жаңжал 2014-жылдын жазында башталган.

Сауд Арабия колдогон Йемен өкмөтү өлкөнүн бир гана бөлүгүн көзөмөлдөйт. Түштүк тарапта ал радикал жихадчылар, ал эми түндүк менен батыш жагында борбор шаар Сананы басып алган козголоңчу хусилер менен күрөшүп келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG