Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 01:44

Швейцариянын Лозанна шаарында Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Ага АКШ, Орусия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Жолугушуу алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул сүйлөшүүлөргө өзгөчө үмүт артпай турганын билдирген. Орус башкы дипломатынын айтымында, сүйлөшүүлөрдө Москва кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилге менен чыкпайт.

Ал эми АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы ок атышууну токтотуу үчүн жаңы чара кабыл алынышы керектигин билдирген.

9-сентябрда Орусия менен АКШ Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Бирок ок атуу режими 19-сентябрда Алеппого бараткан гуманитардык кербенге кол салуу менен бузулган. Анда АКШ бул кербенге орус аскер күчтөрү кол салган деп айыптап келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG