Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Мосулду бошотуу: алгачкы ийгиликтер


Пешмерга күчтөрү Мосулдун чыгышындагы аскерий операцияда, 18-октябрь, 2016
Пешмерга күчтөрү Мосулдун чыгышындагы аскерий операцияда, 18-октябрь, 2016

Күрт командирлери Кошмо Штаттардын колдоосуна таянган пешмерга күчтөрү менен Ирак армиясы Мосул шаарын бошотууда алдыга батыл жылып баратканын билдиришет. Ирактын түндүгүндөгү бул шаарды “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтон бошотуу операциясы 17-октябрда башталган.

Дүйшөмбүдө Мосулда артиллериялык аткылоолор болуп, бомба-ракеталар ташталгандан кийин шаарды кара түтүн каптап, 200 чарчы чакырымдай жерден куралдуу топтун мүчөлөрү сүрүлдү.

2011-жылы Ирактан АКШнын армиясы чыгып кеткенден үч жылдан соң “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Мосулду ээлеп алган.

Ирак жана АКШ расмийлери эки жыл мурун Ирак менен Сириянын бир топ жерин басып алган экстремисттик күчтөрдүн мизин кайтарарына ишенип турушат.

Күрттөрдүн пешмерга күчтөрү Мосулдун чыгыш тарабынан кармашты күчөтсө, 60 чакырым түштүктө турган “Каяра” базасынан чыккан өкмөттүк күчтөр шаарга киришкен.

Пешмерга күчтөрү
Пешмерга күчтөрү

Мосулду бошотуу операциясынын биринчи күнү өзгөчө мааниге ээ болгону менен биргелешкен күчтөр кыштактарга киргенде эч ким жок ээнсиреп турду. Пентагондун маалымат катчысы Питер Кук Ирак күчтөрү белгиленген мөөнөттөн алдыга тез жылып баратканын билдирди.

"Алгачкы көрсөткүчтөр боюнча ирактык күчтөр алдына койгон максаттарынан озуп, биринчи күнү бир топ алдыга кетишти. Бул Ирак күчтөрүнүн планы, ошол эле маалда душман такыр жок болду деп айтууга али эрте”.

Пентагондун өкүлү америкалыктар ирактык күчтөргө кеңеш берип жатканын, ирак армиясынын күч-кубатына ишенерин жана ошол эле маалда колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Андан мурдарак аскер формачан Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади офицерлердин курчоосунда туруп “Жеңиштин сааты келди” деп, масштабдуу операция башталганын жарыялаган.

Ирак Мосулду бошотууга киришти

Ирак Мосулду бошотууга киришти

Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-жылы жайында ээлеп алган шаарлардын эң ириси жана акыркысы - Мосулду бошотуу боюнча аскерий операция башталды.

Абади суннилер басымдуулук кылган Мосул шаары өкмөттүк күчтөрдүн гана күчү менен бошотуларын убада кылды. Иран колдогон шииттердин Мосулдун айланасында жүрүп жаткан аскерий операцияга катышуусу өтө маанилүү.

“Өлкөнү эркиндикке чыгаруучу негизги күч - каарман Ирак армиясы менен улуттук полиция. Мосул шаарына алар гана кирет” деп Ирактын премьери баса белгиледи.

Мосулду бошотуп алуу Абади башында турган ирак өкмөтүнүн башкы максаты гана болбостон саясий мааниси дагы күч. Бул борбордук өкмөт этностук жана кландык ажырымга баткан өлкөнү бириктирүүгө канчалык жөндөмдүү экенин көрсөтөт.

Ирактык генерал Хайдар Фадхил Associated Press агенттигине операцияга 25 миңдей аскер катышканын айтып берген. Пешмерга күчтөрүнүн башкы командачысы төрт миңге чамалуу күрт күчтөрү Мосулдун чыгышындагы экстремисттер ээлеп алган кыштакты бошотууга катышканын билдирген.

Операциянын жүрүшү Ирактын федералдык күчтөрү менен координацияланып, эл аралык коалиция абадан жардам берип турганы белгилүү болду.

Мосулдан качкандардын лагери
Мосулдан качкандардын лагери

Эл аралык коалицияны жетектеген америкалык күчтөрдүн командири Стефэн Таунсенд боштондук операциясы бир нече аптага, мүмкүн андан да узарып кетээрин айтты. Кошмо Штаттардын коргоо министри Эштон Картер бул операция “Ислам мамлекети” террордук тобун жок кылууда маанилүү роль ойнорун белгиледи.

Улуттар Уюму болсо Мосулдун тегерегиндеги бир жарым миллиондон ашуун адамдын коопсуздугуна тынчсызданууда.

Дүйнөлүк уюмдун баш катчысынын Гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О'Брайендин баамында, операциядан улам бир миллион киши өз үй жайын таштап кетүүгө мажбур болушу мүмкүн.

Соңку күндөрү жергиликтүү тургундарга абадан миңдеген баракчалар ташталып, аскерий операция жүрөрү эскертилген.

Ирак Мосулду бошотууга киришти (17.10.2016)

Ирак Мосулду бошотууга киришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG