Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Өкмөттү кетирген жол чыры кайра козголду


Балыкчы-Корумду жолу.
Балыкчы-Корумду жолу.

Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясына өкмөт экинчи даражадагы лицензия бергени маалым болду. Мурда анын үчүнчү даражадагы лицензиясы бар болчу.

Бул кадам мурдагы премьер Темир Сариевдин тушундагы чырлуу маселенин кайра көтөрүлүшүн шарттады.

Жогорку Кеңеште аталган компанияга эмне үчүн лицензия тездик менен берилди, эгер ал мыйзамдуу иштеп атса, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев менен экс-министр Аргынбек Малабаев эмнеге кызматтан кетти деген суроолор кабыргасынан коюлду.

Балыкчы-Корумду жолундагы шагыл майдалоочу завод.
Балыкчы-Корумду жолундагы шагыл майдалоочу завод.

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Темир Сариев премьер-министр болуп турганда "лицензиясы жок, аны берүү үчүн бир жыл убакыт керек" деп жаткан өкмөт кытайлык “Лонг Хай” компаниясына уруксатты кандайча бат эле бере калды деп таң калууда. Апта башындагы комитет жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Тиллаев азыркы жагдай Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев иштен негизсиз кетирилген деген ойго жетелей турганын айтып, алардан расмий кечирим суроону өкмөткө сунуш кылды:

- Документи жок деп азыркы транспорт министри Замирбек Айдаров айткан. Ал кезде бул киши министрликтин алдындагы Жол департаментинин директору болчу. Архитектура жана курулуш агенттинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев да лицензиясы жоктугун билдирген. Бул боюнча стенограмма, аудио, видеожазуулар бар. Лицензия канча убакытта берилет деп сураганымда, эреже боюнча бир жыл ичинде да бере албайбыз деп жооп берген. Эми кайсы себептер менен бат эле экинчи категориядагы лицензия берилип кеткени түшүнүксүз. Муну сөзсүз парламентте көтөрөбүз.

Жолду куруп жаткан кытайлык “Лонг Хай” ишканасы экинчи даражадагы лицензияны өткөн жумада алган. Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров компания лицензия алганы менен, чуулгандуу тендер боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсү аяктай электигин маалымдады:

- Лицензия берүү милдети Архитектура, курулуш агенттигине тиешелүү. Биз аларга кийлигише албайбыз. Бул мекеме атайын комиссия карап чыккандан кийин гана уруксат кагазын берет. Лицензия ала турган мекеме өзүнүн тиешелүү документтерин топтоп өткөрөт, аны комиссия карап чечим кабыл алат. Жолду “Лонг Хай” компаниясы курууну улантууда. Келишим боюнча 2017-жылы бүтүүгө тийиш.

Президент Атамбаев жана тиешелүү кызмат адамдары Балыкчы-Корумду жолунда. 28-июль, 2016-жыл
Президент Атамбаев жана тиешелүү кызмат адамдары Балыкчы-Корумду жолунда. 28-июль, 2016-жыл

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба агенттиги кытайлык фирмага уруксат кагазы министрликтин сунушунун негизинде берилгенин айтууда. Мекеменин статс-катчысы Самат Бөрүбаев компаниянын көрсөткөн бардык документтери мыйзам чегинде болгондуктан, комиссия ага оң жооп кайтарганын белгиледи:

- Мурда үчүнчү даражадагы лицензиясы бар болчу. Кытайлык “Лонг Хай” компаниясы Кыргызстанда өкүлчүлүк ачкан. Биз Кытайда жол куруу менен алектенген бул компанияга өзүбүздүн мыйзамдын негизинде лицензия берип жатабыз. Учурда жеринде 75тей кытайлык инженер-адистер, 50дөй техника иштеп жатат. Транспорт министрлигинин сунушу менен алардын ишин карап, алып келген документтерин талдап көрүп, асфальт басуу боюнча экинчиден үчүнчү категорияга жогорулаткан лицензия бердик. “Сапаттуу иштеп, баарын жакшы аткарып жатат” деген мүнөздөмө кат алып келиптир. Комиссия материалдарды кайра-кайра карап атып макул болду.

Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев кытайлык компания тендерден жеңүүчү деп жарыялангандан кийин үчүнчү даражадагы лицензия берилгенин билдирди:

- Алгач лицензиясы жок болчу.Тендерден кийин гана үчүнчү даражадагы лицензия алышкан. Эреже боюнча эл аралык каттам болгондон кийин лицензия экинчи же биринчи категорияда болуш керек эле. Ал компания бизге Кытайдан алган жана мөөнөтү өтүп кеткен лицензиясын көргөзгөн. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда өз ара лицензияларды таануу боюнча макулдашуу жок да. Мунун баары такталган, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал жерде менин тиешем жок. Мени сыртка жиберип коюп баарын жасашкан.

Өкмөт Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча былтыр күзүндө тендер өткөргөн. Сынакка катышкан төрт компаниянын ичинен кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп чыккан. Кийинчерээк "тендер мыйзамсыз өткөн, тиешелүү лицензиясы жана жол куруу тажрыйбасы жок компанияны жеңүүчү деп тапкан" деген доомат парламентте айтылып, Аргынбек Малабаев премьер-министр Темир Сариевге каршы көрсөтмөлөрдү берген. Өкмөт башчы менен министрдин ачык акыйнеги экөөнүн тең иштен кетиши менен аяктаган.

Экс-премьер-министр Темир Сариев кытайлык компанияга байланышкан чырдын артында аны кызматтан кетирүүгө байланышкан саясий максат болгонун айтып келатат.

Жол боюнча козголгон кылмыш ишти Башкы прокуратура тергеп бүтө элек. Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия тендер мыйзам бузуу менен өткөн деген корутунду чыгарып, башкы көзөмөл органына Сариев менен Малабаевдин иш-аракетине укуктук баа берүүнү тапшырган эле. Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугу 104 чакырым. Анын курулушун толук аяктоого 7 миллиарддай сом кетери болжолдонгон.

Ал тушта өкмөт быйыл жол курулушун аяктоо үчүн 1,5 миллиард сом тапканы маалымдалды. Жыл этегине чейин курулушка дагы 300 миллион сом бөлүү маселеси каралып жатат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG