Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлгөнүнө тогуз жыл толду


Алишер Саипов
Алишер Саипов

Журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлгөнүнө тогуз жыл толду. Аны Ош шаарында өзбек тилиндеги “Сиёсат” (Саясат) гезитинин редактору болуп турган кезде, 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер атып кетишкен. Журналисттин өлүмү кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып келет. Азыркыга чейин кылмыштын бети ачыла элек.

Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактасына жазылган.

Киши колдуу болгон кезде ал 26 жашта эле. Артында бир кызы калган. (SE)

XS
SM
MD
LG