Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Бишкекте БУУ күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду


"Бишкек парк" комплексинде өткөн иш-чара.
"Бишкек парк" комплексинде өткөн иш-чара.

Бириккен Улуттар уюмунун күнүнө карата Бишкекте 8-октябрда башталган майрамдык иш-чаралар 22-октябрда жыйынтыкталды.

Бул аралыкта БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мэриянын колдоосу менен ар ишемби күнү сейил бактарда, эс алуучу жайларда концерттерди жана көңүл ачуучу жолугушууларды өткөрдү. Тургундарга жана конокторго өнөрпоздор симфониялык музыка тартуулап, сүрөт көргөзмөлөр уюштурулду.

Бириккен Улуттар уюмунун күнү 1947-жылдан бери 24-октябрда белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG