Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

25-октябрга аба ырайы


Бул жума аралыгында Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болуп, жамгыр-кар тез-тез жаап турат. Ош, Жалал-Абад жана Нарын дубандарында жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Бул абал жол кыймылына, байланыш жана айыл чарба жумуштарына түйшүк жаратат.

25-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан болуп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир дыйканчылык райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +3...+8,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +2...+7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз +2...+7,

Нарын ооблусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5 градус болот.

Бишкек шаарында бир аз кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -1...-3, күндүз +1...+3 градус болот.

XS
SM
MD
LG