Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Индия менен Пакистандын чегинде атышуу болду


Кашмирдеги чек ара
Кашмирдеги чек ара

Пакистандын армиясы жекшембинин түнүндө Жанглора айылында болгон атышуулардан эки жөн-жай тургун мерт болгонун билдирди. Алардын бири бир жашар наристе экени аныкталды.

Индия чек ара коопсуздугун сактаган бир аскери окко учканын кабарлады. Эки өлкө бул атышуу боюнча бири-бирин айыптап жатат.

Сентябрь айында Индия башкарган Кашмир аймагына жасалган чабуулдан кийин чек арада чыңалуу күчөдү. Индия 18 аскердин өмүрүн алган чабуулга боюнча пакистандык жоочуларды айыптаган.

1947-жылы аймакта Британиянын башкаруусу аяктагандан бери Индия менен Пакистан Кашмирди талашып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG