Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Орусия ЕККУнун Украинадагы миссиясынан күмөн санайт


Чыгыш Украина
Чыгыш Украина

Расмий Москва Украинанын чыгышында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун куралчан полиция миссиясын түзүү идеясын колдорун, бирок ал жакын арада түзүлөрүнөн күмөн санарын билдирди.

- Бул миссия кандай түзүлөрү жана кайсы аймакка жөнөтүлөрү боюнча азырынча ЕККУда түшүнүк жок,- деди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Бирок Украинанын Луганск жана Донецк аймактарындагы Орусия колдогон жикчилдердин өкүлдөрү ЕККУнун миссиясына каршылык билдирүүдө.

Уюмдун миссиясын түзүү маселеси немис канцлеринин демилгеси менен 20-октябрда Берлинде өткөн француз, украин, орус президенттеринин жолугушуусунда талкууланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG