Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Украинада согушкан казак жараны Актөбөдө соттолууда


Донецк
Донецк

Казакстанда Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге кошулуп, өкмөттүк күчтөргө каршы күрөшкөн деп шектелген казак жаранынын соту башталды.

Актөбөдөгү сотко келген айыпталуучу Максим Ермолов күнөөсүз экенин айтты.

Этникалык орус Ермолов 2015-жылдын февраль айында Украинанын Донецк аймагынан Казакстанга келгенде кармалган. Ага “чет өлкөдөгү жаңжалдарга катышкан” деген айып тагылган.

Казакстан Украинанын өкмөттүк күчтөрүнө каршы күрөшкөн деген айып менен буга чейин кеминде эки казак жаранын абакка кескен. (KKs)

XS
SM
MD
LG