Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Тажик темир усталары эмгектерин көргөзмөгө коюшту


Тажикстандын Согди облусунунун Ашт кыштагында темир усталардын эмгектеринин көргөзмөсү өттү. Жекшемби күнү өткөн иш-чарага 130дай уста катышты.

Биринчи жолу мындай көргөзмө 1993-жылы дал ушул Ашт айылында уюштурулган. Бул кыштак өткөн кылымдын 70-80 жылдары атактуу темир усталар жашап-иштеген аймак катары эсептелип келген.

Анда коюлган буюмдар негизинен коңшулаш Өзбекстанга жөнөтүлчү. Учурда аталган кыштактагы эки көчө темир усталардын көчөлөрү катары таанымал. Бул жерде негизинен айыл чарба шаймандары жасалат. (EzK)

XS
SM
MD
LG