Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Иран Түркиянын Мосул операциясына катышуусун сындады


Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу операциясына катышуу үчүн Түркия Ирак өкмөтүнөн уруксат алышы керектигин Ирандын президенти Хасан Роухани билдирди.

“Бир чет мамлекеттин кожоюн өлкө менен такташпай туруп операцияга кийлигишкенин коркунучтуу деп эсептейбиз”,-деди Маркази провинциясындагы иш сапары учурунда Рухани.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги террорчулукка каршы күрөштү шылтоо кылып, бир өлкөнүн эгемендигине шек келтирүү кабыл алынгыс экенин эскерткен. Ирактын премьер-министри Хайдар Аль-Абади болсо Түркияны Мосул операциясынан оолак турууга чакырган.

Бирок Түркия бул талаптарды аткаруудан баш тартып, операцияга катышаарын кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG