Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Ноокенде "Эркиндин кайтып келиши" аттуу фильм көрсөтүлөт


Фильмден кадр.
Фильмден кадр.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ноокен районун борбору Масы айылында "Эркиндин кайтып келиши" аттуу тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан кинематография департаментинен билдиришти. Фильм Кыргызстанда алгач ирет тартууланууда.

Анын режиссеру Мария Гуськова жана продюсери Денис Гуськов 28-31-октябрда өтүүчү КМШ мамлекеттеринин "Үмүт" кино форумуна катышуу үчүн Бишкекке келди. Тасмада Эркин аттуу каармандын абактан чыгып, мурунку жашоосуна кайтуу аракети сүрөттөлөт. Ал Масы айылында тартылган. Былтыр фильм Канн эл аралык фестивалында студенттер тарткан тасмалардын ичинен 3-орунду алган. (NT)

XS
SM
MD
LG