Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Алматыда 1916-жылдагы көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды


Алматыдагы көргөзмө 26-ноябрга чейин иштейт.
Алматыдагы көргөзмө 26-ноябрга чейин иштейт.

Казакстандын Алматы шаарындагы Борбордук мамлекеттик музейде “Казак көтөрүлүштөрү. Эркиндикке умтулуу” деген аталыштагы 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда негизинен Тургай жана Жети-Суудагы окуяларды чагылдырган сүрөттөр коюлган.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшү Борбор Азияны, мурдагы Түркстан аймагын каптаган. Ошол жылдын 25-июнунда жарыяланган Николай IIнин жергиликтүүлөрдү тылдагы жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө буйругу калктын массалык каршы чыгууларына алып келген.

Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанды жердеген элдердин ичинде толкундоолор байкала баштаган.

Тарыхчылардын пикринде, элдик толкун эң жогорку чегине жеткен аймак катары Түштүк Казакстан жана Кыргызстан саналат.

Алматыдагы көргөзмө 26-ноябрга чейин иштейт.

XS
SM
MD
LG