Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Ооганстанда 30дай адам өлтүрүлгөндөн кийин нааразылык акциясы башталды


Ооганстандын Гор провинциясы
Ооганстандын Гор провинциясы

Ачууланган жүздөгөн адамдар Ооганстандын Фироз Кох шаарынын көчөлөрүнө нааразылык жүрүшкө чыкты. Буга аймактагы 31 адамдын согушкерлер тарабынан өлтүрүлүшү себеп болду.

Алыскы Гор провинциясындагы бул чакан шаарда согушкерлер дүйшөмбүдө ондогон адамды барымтага алышып, дарга асышкан. Жергиликтүү расмийлер бул жакында эле жок кылынган “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун командирлери үчүн өч алуу болушу ыктымалдыгын билдиришти.

Акцияга чыккандардын бири Мухаммед курман болгондордун көбү чабандар экенин айтты. Алты адамдын дайыны белгисиз.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

Талибан кыймылы бул кылмышка тиешеси жоктугун билдирди. Кыймылдын өкүлдөрүнүн баамында буга этностук азчылыктардын ортосундагы тирешүү себеп болушу ыктымал.

Гор провинциясы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери жокко эсе деп саналган аймактардын бири.

XS
SM
MD
LG